СУУ II
Краткий этимологический словарь кыргызского языка«Ысык болбой, илеби кайтып, муздай түшүү» маанисинде айтылган сөз суг<у бөлүктөрүнөн турат. Мындагы суг азыркы суу деген зат атооч сөздүн байыркы түрү. Ага этиш жасоочу -у мүчөсү жалганып жасалган сугу түрүнүн ортосундагы г тыбышы түшүп, суу түрүнө келген. Азыркы музда этиши муз+ла дегенден келип чыгып, «муз болуп калуу» маанисин эмес, «ысык болбой, сууп калуу» деген маани берген сыяктуу эле, суу (<суг+у) сөзү да «суу болуп калуу» дегенди эмес, «суу сыяктанып салкын тартып калуу» маанисин берип калган.